2025-04-25 14:14:28 0
2025-жылдын 9-апрелинде ОшМУда Ош шаарындагы мектептердин директорлоруна январь айында квалификациясын жогорулаткан 725 мугалимдерге сертификат тапшыруу аземи болуп өттү. Анда тарых-юридика институтунун тарых бөлүмүнүн тренерлери доцент Г. С. Жумашовага жана окутуучу К. Орунбай уулуна ыраазычылык баракчалары ыйгарылды. Иш чарада келечек муун, билимдүү коом үчүн ОшМУ менен мэрия, шаардык билим башкармалыгы мындан ары да тыгыз байланышта иш алып бараары белгиленди.