2025-04-25 14:18:02 0
Кыргыз Республикасынын Президенди Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрындагы (ПЖ) № 369 жарлыгы "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолуна (доктрина), Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесине, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кыргызстан тарыхы жана археология,этнология кафедрасы уюштурган илимий жумалыктын ачылуу аземи (илимий конференция) өткөрүлдү. Илимий жумалыкты ОшМУнун тарых - юридика институтунун директорунун дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу иштери боюнча орун басары Н.М.Патиев ачып берди. Андан кийинки сөз ОшМУнун илим жана инновация иштери боюнча проректору Э.А.Эшаровго берилип, ОшМУнун илимий иштерин алдыга жылдыруу боюнча перспективалык пландары тууралу баяндап берди. Илимий жумалыкка атайын чакырылган коноктор Б.А. Нурунбетов президентибиздин “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолуна (доктрина) мүнөздөмө берип, аны жайылтуу маселелерине токтолду. Андан профессор агайыбыз тышкары студенттерге нарк-насил жөнүндө баяндап берди. Илимий конференциянын алкагында мугалимдер жана студенттер тарабынан илимий баяндама жасалды. Сатыбалдиева Ч.Т. - ОшМУнун тарых-юридика институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, т.и.д., доцент. Тема: "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолундагы Кыргызстандагы маданий мурастарды сактоо жана туруктуулугу жөнүндө. Абдуллаев С. А. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча Региондор аралык башкармалыгынын начальнигинин орун басары Тема: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча маалымат. Жаркынбаев Т. ОшМУнун тарых-юридика институтунун Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын доценти, т.и.к. Тема: Кыргыз улутунун тунгуч советтик автономиясы. Студенттердин илимий баяндамалары: Давлятова А. – И(б)- 2024-2 тайпасынын студенти. Тема: Кыргыздардагы күрүч өстүрүүнүн салттуу ыкмалары жана күрүчтүн түрлөрү. Асанова С. – И(б)- 2022-1 тайпасынын студенти. Жусуп Абдрахмановдун кыялындагы Кыргызстан. - 2-курс 3-агым, юриспруденция багыты. Тема: Маданий баалуулуктарга кол салууларды ачыкка чыгарууну жана иликтөөнү укуктук жана маалыматтык камсыздоо. Аталыштарындагы баяндамалар жасалды.