2025-04-25 14:23:36 3
ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАРДАМЧЫЛАРЫ Педагогдор бири-бирине жардам берүүдө алдыга камчы салдырбайт. Жардам берүүдөн ырахат алат. Өз ишин, тажрыйбасын жайылтканга шашылат. 2025-жылдын 18-апрелинде Ош билим берүү институтунда билимин өркүндөтүп жаткан Ош облусунун ар кайсы райондорунан келген тарых предметинин мугалимдерине "Жасалма интеллект: Жасалма интеллектин педагогдун ишин жеңилдетүүчү куралдары" деген темада тренинг өтүлдү. Тренингдин жүрүшүндө ОшМУнун тарых-юридика институтунун Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын окутуучусу К. Б. Пасанова тарых сабагынан план иштелме, тест, чат ботко промт жазууну, ФЖМАКИнин улук окутуучусу Б. Закирова тарых сабагы менен адабият сабагын интеграциялоо боюнча маалымат берди. Жасалма интелекттин куралдары менен практикалык иштерди аткарышты.