САБАК-ТРЕНИНГДЕР УЛАНУУДА

2025-04-25 14:37:11 0

2025-жылдын 18-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти Жумашова Гүлзада Султановна жана Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын т.и.к окутуучусу Кубанычбек уулу Нурсултан Ош шаарындагы №20 И.Раззаков орто мектебинде шаардык тарыхчы мугалимдер үчүн ЖРТга даярдоо, тексттерди окуп түшүнүү боюнча сабак-тренинг өтүп келишти. Университет менен шаардык билим берүү башкармалыгы жана шаардык тарыхчылар менен кызматташуу пландуу түрдө иш алып баруу максат кылынды.