АРХЕОЛОГИЯЛЫК-ЭТНОГРАФИЯЛЫК ПРАКТИКА.

2026-02-24 04:47:37 40

Тарых - юридика институтунун Кыргызстан тарыхы жана археология этнология кафедрасынын, археологиялык жана этнографиялык практикасына тарых адистигинин 1 - курсунун студенттери 5 - майдан 19 - майга чейин археологиялык этнографиялык практикага чыгып келишти. 1 - жума студенттер Ош , Жалалабад, Баткен областарынын аймактарына барып, этнографиялык, демографиялык, тарыхый, маалыматтарды үйрөнүп,айылдардагы уруулардын тарыхын маданиятын, үрп адатын, каада - салттары боюнча маалыматтарды топтошту. Ал эми 2 - жума археологиялык практикада Кара - Суу районунун Каленин колхозунда жайгашкан "Сары - Мазар" тарыхый археологиялык эстелигине барып кайтышты. Бул аймакта Алымбек датка жана анын зайыбы Курманжан датка энебиздин мүрзөсү жөнүндө жана балдары,тууралуу маалыматтарды алышты. 2 - куну Карасуу районуна караштуу " Сүрөттүү таш " тарыхый жайына барып. Бул тоодо эрте темир дооруна таандык Даван падышалыгынына таандык асман аргымактарынын сүрөтү түшүрүлгөн петроглифтерди көрүп кайттык. Практиканын 3 - куну Араван районуна караштуу "Дул-дул ат" мазарына барып Даван дооруна таандык петроглифтери менен тааныштык. Практиканын 4 - 5 - 6 күндөрү Карасуу районунун Октябрь айылындагы тарыхый жайга баардык. Шоро - Башат маданиятына таандык турак жайларга , археолог Кадича Ташбаева тарабынан уюштурулган археологиялык чалгындоо экспедициясына катышышты. Ал жерде Чехиядан келген археологдор менен бирге теориялык алган билимдерин бекемдешти.