2026-02-24 05:26:20 57
ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан 2025-жылдын июнь айында Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университети тарых факултетинин тарых кафедрасынын окутуучулары үчүн кесиптик чеберчилигин арттыруучу “Борбордук Азиянын тарыхы жана тарыхты окутуунун заманбап усулдары” аттуу 144 сааттык курс уюштурулду. Бул курсту тарых-юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынан т.и.к., профессор Кадыров Т.Д., ти.к., доцент Маразыков Н.К., т.и.к., доцент Жумашова Г.С. өз тажрыйбалары, билимдери менен бөлүшүп ийгиликтүү аякташты. Аталган курста квалификациясын жогорулаткан окутуучуларга 2025-жылдын 24-июнда сертификаттар тапшырылды. Андижан мамлекеттик университетинин тарыхчылары кызматташтык, тажрыйба алмашуу мындан ары да тыгыз уланаары белгиленди.