ОшМУнун жаш тарыхчылары Өзбекстан Республикасында өтүп жаткан IV Эл аралык жайкы мектепке катышууда.

2026-02-24 05:39:47 49

Өзбекстан Республикасынын Ташкент облусунда Өзбекстан Илимдер академиясынын Тарых институту тарабынан уюштурулган IV Эл аралык жаш тарыхчылардын жайкы мектеби болуп жатат. Жаш тарыхчылардын жайкы мектебине Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркия республикаларынан келген 100дөн ашуун жаш тарыхчылар катышууда. Алардын катарында Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика институтунун окутуучулары, жаш тарыхчылар т.и.к. Нурсултан Кубанычбек уулу, Муратали Маманов жана Улукмырза Эрмекбай уулу активдүү катышып, тажрыйба алмашууда. Жайкы мектеп 17-августтан 24-августка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында семинар-тренингдер, тегерек столдор, илимий талкуулар жана маданий программалар уюштурулмакчы. Маалымат үчүн: Эл аралык жайкы мектептин негизги максаты — жаш тарыхчыларды бириктирүү, илимий байланыштарды чыңдоо жана түрк дүйнөсүнүн тарыхын изилдөөгө болгон кызыгууну арттыруу.