Баткен, археологиялык экспедиция

2026-02-24 05:50:33 85

2025-жылдын 10-июндан тарта 20-июльга чейин кырк күнгө созулган археологиялык казуулар сезону аяктады. Археологиялык казуулар Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кошун аймагында 2023-жылдан тарта стационардуу жүргүзүлүп келет. Экспедицияны т.и.к. профессор К.И.Ташбаева жетектеп келет. археологиялык экспедиция БатМУ, КРУИАнын Б.Жамгырчинов атындагы тарых институту жана ОшМУнун тарых-юридика институтунун тарых бөлүмү тарабынан биргеликте уюштурулуп келет.