Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчиси жаш тарыхчылар менен жолугушту.

2026-02-24 06:14:44 69

2025-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчиси жаш тарыхчылар менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевич жаш тарыхчыларды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарга кеңири токтолуп жаш изилдөөчүлөрдүн бул жааттагы илимий эмгектери эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого маанилүү салым кошо турганын белгиледи. Ошондой эле жаш адистерди тажрыйба алмашууга, архивдик материалдар менен иштөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Жолугушууда Дүйшөнкул Тезекбаевич өзү билим алган Ош мамлекеттик университетинин Тарых факультетине белегин тапшырды.