Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси

2026-02-24 06:28:31 65

Тарых-юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти Адилбаев Жумали агай 2025-жылдын 11-12-сентябрь күндөрү Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катышып келди. Кыргыз элинин эркиндиги, өнүгүүсү, эгемендиги үчүн күрөшкөн Алымбек датканын жана анын жан шериги Курманжан датканын тарыхтагы орду өзгөчө. Бул мурас — биз үчүн ыйык аманат! Кылымдар бою ушул баалуулуктардын ээси болгон кыргыз элинин чыныгы дөөлөтү - ушундай чыгаан уулдары-кыздары! Алардын өрнөк өмүрүн, ак кызматын даңазалоо - ар бирибиздин парзыбыз!