"Алымбек датка: тарыхтагы орду жана мурасы" деген аталышта илимий - практикалык конференция

2026-02-24 07:30:16 115

26-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдыгына карата "Алымбек датка: тарыхтагы орду жана мурасы» деген аталышта илимий - практикалык конференция уюштурулду. Конференция: 1. XIX кылымдагы Борбордук Азиядагы коомдук-саясий кырдаал жана кыргыз коомунун абалы; 2. Алымбек датканын мамлекеттик жана саясий ишмердүүлүгү; Кыргыз коомунда аялдардын орду жана Курманжан датканын тарыхый феномени; 4. Тарыхый инсандардын мурасын билим берүү жана тарбия жараянында колдонуу аттуу багыттарды өзүнө камтыды. Конференцияга Чехия жана Россия Федерациясынан келген илимпоздор да катышышты.