2026-02-24 07:43:03 118
Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика институтунун социалдык-экономикалык билим берүү багытынын (тарых) студенттери т.и.к., доцент Апышова Аида Кабыловнанын жетекчилиги менен 2025-жылдын 1-октябрь карылардын Эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын мэриясынын “Боорукердик” социалдык мекемесине барышып, аталар жана энелерди майрамдары менен куттуктап келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө карыларыбызга кийим-кечелер, сый тамактар таркатылып, студенттерибиз тарабынан уюштурулган чакан концерттик программа да тартууланды. Кадырман карыларыбыздын ден соолуктары бекем болушун, карыларыбыз үйдүн куту, төрдүн көркү болушун каалайбыз. Иш-чарага катышкан жана салымын кошкон студенттерге жана профессордук-окутуучулук курамга ыраазычылык билдиребиз.