2026-02-24 07:49:04 86
ОшМУнун тарыхчылары Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен уткан долбоорго ылайык Кыргызстандын аймагынан тышкары жашаган этникалык кыргыздарды изилдөөдө. Долбоордун алкагында 2025-жылдын 10-октябрдан 13-октябрга чейин аталган долбоордун жетекчиси т.и.к., профессор Т.Д.Кадыров, т.и.к., доцент С.А.Арстанов, т.и.к., доцент Т.М.Шаанов, т.и.к. Н.Кубанычбек уулу Өзбекстан Республикасынын Сыр-Дарыя облусунда жашаган кыргыздар боюнча изилдөө жүргүзүп келишти. Изилдөө иштеринин алкагында Сыр-Дарыя облусунун Сардоба, Мырза-Абат райондорунда, Гулистан, Жаңы-Жер шаарларында жашаган кыргыздардан сурамжылоо аркылуу тарыхый-этнографиялык маалыматтар топтолду. Изилдөөдө жалпы жашоочулар менен бирге Өзбекстан Республикасынын "Олий Мажилисинин" кыргыз аялдарынан шайланган жалгыз депутаты Надира Жанибекова, облустагы диаспора башчылары, ири ишкерлер ж.б. өкүлдөр да катышты. Изилдөө иши мындан ары да этап-этабы менен башка аймактарда, өлкөлөрдө уланмакчы. Долбоордо Өзбекстандагы, Тажикстандагы, Кытайдагы, Афганистандагы, Түркиядагы кыргыздарды изилдөө каралган.