Музейлик практика

2026-02-24 07:59:27 109

Тарых - юридика институтунун күндүзгү окуу бөлүмүндөгү “Тарых” адистигинин И-(б) 1-24, И-(б) 2 -24 тайпасынын студенттери окуу планына ылайык музейлик практикасын 13 - октябрдан тарта Өзбекстан Республикасынын Ташкент, Самарканд шаарларында 1-жумалык практикасын өтөп кайтышты. Музейлик практика учурунда студенттер менен Самарканд шаарындагы Самарканд мамлекеттик университетинин архивинде, ал жерде архив иштерин негизги функцияларын жана милдеттери жөнүндө маалымат алышты . Андан сырткары Амир Темир мавзолейинде, Регистан архитектуралык комплексинде, Бибиханым мавзолейинде, Шохи Зинда мавзалейинде жана Улукбек обсерваториясында болушту. Ташкент шаарына келгенде биздин практиканттар Ташкент шаарында жайгашкан X-XI кылымдарга таандык ислам маданиятына чон салым кошкон араб стилинде курулган архитектурасы менен таанышып, алардын музейдик жабдылышы, тарыхый буюмдардын сакталышы, консервация кылууну үйрөнүштү. Өзгөчө Ташкент шаарындыгы “Ак мечит”, “Имам Хазрет” мечиттери музей кылынып VIII-IX кылымдарга таандык араб халифаты доорунда жазылган кол жазмалар менен таанышышты. “Аталарды эскерүү” паркында болуп, Борбордук Улуттук музейине баруу менен коштолду.