"12 жылдык билим берүүгө кадамдар: Тарых предметинин мисалында" аталышындагы тегерек стол болуп өттү

2026-02-24 09:27:32 28

23.10.2025 - жыл. ОшМУнун тарых - юридика институнун тарых бөлүмүндө " 12 жылдык билим берүүгө кадамдар: Тарых предметинин мисалында" аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Ага Ош жана Баткен облусунун тажрыйбалуу тарых мугалимдери катышышты. Күн тартибинде : Өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жөндөмү, сергек ой жүгүртүү жана маанилүү маалыматтардын маанисинен ажыратуу жөндөмү, кызматташуу жана баарлашуу жөндөмү жана башка маселер каралды.