2026-02-24 09:49:03 34
Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын 2025 - жылдын 22- июлдагы 7779 номердеги көрсөтмөсүнө ылайык, ОшМУнун тарых- юридика институтунун тарых бөлүмүнүн базасында "Белгилүү мамлекеттик ишмер, Алымкул Асанбий уулунун дүйнөдөн кайткандыгынын 160 жылдыгына арналган "Алымкул Асанбий уулу - улуттук лидер тарыхый инсандын мамлекеттик мурасы" аттуу темада илимий шерине өткөрүлдү. Илимий шеринени тарых илимдеринин доктору, доцент Ч.Т.Сатыбалдиева модератор катары алып барды. Илимий шеринеде тарых илимдеринин кандидаты, доцент Т.Ж.Жаркынбаев " Алымкул Асанбий уулунун Кокон хандыгындагы тарыхый орду" аттуу темада илимий баяндама жасады. Ошондой эле шерине талкууга тарых- юридика институтунун тарых багыты боюнча орун басары, тарых илимдеринин кандидаты, доцент С.А. Арстанов, кафедра башчылары тарых илимдеринин кандидаты, доцент Т.М.Шаанов, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Г.С.Жумашева жетектеген кафедралардын окутуучулар жамааты, студенттер жана магистранттар жигердүү катышты.