2026-02-24 10:04:30 104
7-ноябрь 2025-жыл Тарых-юридика институтунда кесиптик-профилдик практикага багыттоочу конференция өттү. Тарых-юридика институтунун «Социалдык-экономикалык билим берүү» (тарых багыты) адистигинде окуган күндүзгү окуу бөлүмүнүн 4-курсунун жана сырттан окуу бөлүмүнүн 5-курсунун студенттери үчүн кесиптик-профилдик практикасына багыттоочу конференция өткөрүлдү. Иш-чараны тарых-юридика институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары, т.и.к., доцент С. Арстанов ачып берип, студенттерге практика өтүүнүн мааниси жана анын билим берүү процессиндеги орду тууралуу маалымат берди. Конференцияда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Ж. Мамразак кызы мектептердеги акыркы өзгөрүүлөр жана билим берүү жаатындагы жаңычыл багыттар тууралуу баяндама жасады. Практиканын жетекчиси М. Маманов студент-практиканттардын ишмердүүлүгүнө коюлуучу талаптар, алардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берип, практиканын жүрүшүндө тартипти жана жоопкерчиликти сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жалпы тарых жана тарыхты окутуу усулу кафедрасынын башчысы, доцент Г. Жумашова практиканын жол-жоболору жана методикалык көрсөтмөлөр тууралуу түшүндүрмө берди. Педагогика кафедрасынын окутуучусу, усулчу Ж. Айдарова студенттерге ийгилик каалап, аларды жигердүү жана чыгармачылык менен иштөөгө үндөдү. Ошондой эле жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын окутуучусу Ч. Апышова сөз сүйлөп, студенттерге кесиптик чеберчиликти арттыруу, билимди практика менен айкалыштыруу боюнча маанилүү кеңештерди берип, ийгилик каалады. Багыттоочу конференция студенттер үчүн практикага болгон даярдыкты арттырууга жана кесиптик көндүмдөрдү бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт.