2026-02-24 10:11:54 149
Тарых-юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын башчысы Жумашова Гүлзада Султановна 2025-жылдын 27-ноябрында Ташкент шаарында «SheSCIENCE 2025. Продвижение регионального развития через интеграцию научно-инновационных экосистем" деп аталган Борбордук Азиядагы окумуштуу-аялдардын эл аралык форумуна катышып келди. Форумда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн окумуштуу айымдарынын илимий жетишкендиктеринин артыкчылыктуу багыттарын белгиленип, мындан ары тарыхый-маданий изилдөөлөрдү биргеликте изилдөө менен жыйынтыгы мамлекеттердин ортосундагы мамилени чыңдоого салым кошуу негизги максаты белгиленди.