2026-02-24 10:21:11 116
28-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда «Кыргызстандан тышкары жашаган кыргыздардын этнотарыхы, каада-салты, үрп-адаты жана маданияты (Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, КЭР жана Оогандык кыргыздардын) материалдарынын мисалында» аттуу илимий долбоор боюнча тегерек стол болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө долбоордун жетекчиси Турдумамат Кадыров Өзбекстандагы кыргыздар тууралуу эки жылдык изилдөөсү, ал эми долбоордун аткаруучусу, тарыхчы Олжобай Каратаев Ташкенттеги кыргыздар тууралуу архивдик маалыматтар боюнча баяндама жасады. Жыйынтыгында коңшу өлкөдөгү кыргыздар жана Кыргызстандагы өзбектер боюнча изилдөөлөрдү биргеликте улантуу макулдашылды. 2024-жылы «Өзбекстандагы кыргыздардын таралуу ареалы» аттуу долбоор ОшМУнун ички гранттарынын каржылоосу менен башталган. Жетекчиси профессор Турдумамат Кадыров долбоордун аткаруучулары менен Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана жана Жиззах облустарындагы жашаган кыргыз айылдарына илимий экспедиция жасап, баалуу матераилдарды жыйнаган. Бул долбоор 2025-жылдан тарта Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин каржылоосуна өткөн. Ошондон кийин анын темасы кеңетилип, өзгөртүү киргизилген. 2025-жылы долбоор аткаруучулары Ташкент, Сыр-Дарыя облустарындагы кыргыздарды жеринен изилдеп келишкен. Ошондой эле Өзбекстан мамлекеттик архивинен жүздөгөн документтер алынган. Учурда долбоор аягына чыгуу алдында турат. Кийинки жылдары Кытай, Тажикстан, Ооганстан жана Түркиядагы кыргыздар жеринен изилденет.