2026-02-25 06:18:52 100
6.12.2025-жыл Тарых-юридика институтунун социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) багытынын 4-курсунун студенттери Абдразакова Акбермет, Бактыярбек уулу Эржан кесиптик-профилдик практикасынын алкагында ОшМУнун “Ыйман” окуу-тарбия комплексинин 8–10-класстарынын окуучулары үчүн ТАРЫХ ЖУМАЛЫГЫНЫН алкагында «ERUDIT CLUB» аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүштү. Иш-чаранын негизги максаты — окуучулардын тарых сабагына болгон кызыгуусун арттыруу, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана билим деңгээлин жогорулатуу болду. Оюн активдүү таймаш форматында өттү. Интеллектуалдык оюнга жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын башчысы, доцент Г. Жумашова, доцент Г. Чыныкеева жана окутуучу М. Маманов катышып, калыстык кылышты. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар тарабынан окуучуларга белектер берилди.