«ЗАМАНДЫН ЗАЛКАРЛАРЫ»

2026-02-25 06:25:22 130

Тарых-юридика институтунун «Жалпы тарых жана ТОУ» кафедрасы тарабынан студенттер арасында «ЗАМАНДЫН ЗАЛКАРЛАРЫ» деп аталган чыгармачылык конкурс уюштурулду. Конкурс тарыхый образ, тарыхый ыр, тарыхый эссе деп аталган үч багытта болду. Биздин залкарларыбыз өздөрүнүн талыкпаган эмгеги, курч акылы, мекенчилдиги менен из калтырып келгендиги талашсыз. Замандын залкарлары конкурсу жаштарга келечектин негизин түптөп, коомдун өнүгүшүнө өз салымдарын кошо турган, жаңы идеяларга жана бийик максаттарга суусаган муун болуусуна шарт түзүүгө багытталды.