«Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн санариптик археология боюнча адистерди даярдоо боюнча семинар — 2025»

2026-02-25 06:50:27 165

Тарых жана юридика институтунун, Кыргызстандын тарыхы, археология жана этнология кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Алишер кызы Салтанат биринчи «Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн санариптик археология боюнча адистерди даярдоо боюнча семинар — 2025» иш-чарасына катышты. Семинар 15-декабрдан 25-декабрга чейин Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарындагы Түндүк-Батыш университетинин Жибек жолу боюнча биргелешкен изилдөө борборунда өткөрүлүп, Шэньси провинциясынын маданий баалуулуктар бюросу, Түндүк-Батыш университети жана ЮНЕСКОнун Табигый жана маданий мурастар боюнча эл аралык космостук технологиялар борбору (HIST) тарабынан уюштурулду. Семинар Түндүк-Батыш университетинин археология, алыстан зонддоо жана ГИС технологиялары тармагындагы жогорку сапаттагы ресурстарын интеграциялоо негизинде өткөрүлдү. Иш-чарага Кытайдын алдыңкы университеттеринин, илимий-изилдөө институттарынын жана технологиялык ишканаларынын белгилүү адистери атайын чакырылды. Программа теориялык сабактардан жана талаа шарттарындагы практикалык иштерден турду, ошондой эле Сиань шаарындагы алдыңкы музейлерге экскурсиялар уюштурулду.