2026-02-25 06:53:04 118
2025-жылдын 29-декабрында новатор мугалим Орозали Сайдилканов менен профессор Д.Шаматовдун Өнүгүүнүн өзөгү мугалим аттуу китебинин ачылышы жана окуу усулдук семинар өткөрүлдү. Семинардын негизги максаты — катышуучулардын жеке жана кесиптик өнүгүүгө болгон мотивациясын жогорулатуу, өзүн-өзү талдоонун жана өркүндөтүүнүн натыйжалуу усулдарын үйрөтүү, мектеп менен тыгыз иш алып баруу ошондой эле аларды үзгүлтүксүз билим алууга шыктандыруу Усулдук семинар жогорку деңгээлде өтүп, Профессор Шаматов Дүйшөн тарабынан төмөнкү негизги багыттар боюнча терең жана практикалык маалымат берилди: Өз өнүгүүсүнө толук жоопкерчиликти алуунун мааниси жана анын кесиптик ийгиликке тийгизген таасири. Учурдагы абалды туура баалоо, SMART принциптерине негизделген реалдуу жана өлчөнө турган өнүгүү максаттарын коюу. Өзүн-өзү уюштуруу жана убакытты туура бөлүштүрүү аркылуу жеке натыйжалуулукту жогорулатуу. Кесиптик компетенттүүлүктү үзгүлтүксүз жогорулатуунун зарылдыгы жана заманбап ресурстарды колдонуу. Семинар жандуу баардашуу форматында өтүп, катышуучулар активдүү катышышты, суроолорду беришип, топтук талкууларды жүргүзүштү. Профессор Шаматов Дүйшөндүн тажрыйбасы жана практикалык мисалдары катышуучулар үчүн чоң стимул болду. Семинардын жыйынтыгында, катышуучуларга өнүгүүнүн усулдарын күнүмдүк ишке киргизүү сунушталды.