"Заманбап социалдык- экономикалык билим берүү: изденүү, тажрыйба жана натыйжа"

2026-02-25 06:56:08 142

ОшМУнун тарых-юридика институтунда 2026-жылдын 16-январында жалпы тарых жана тарыхты окутуунуну усулу кафедрасынын окутуучусу Ураимова Эңсегүл Миңбаевна тарабынан "Заманбап социалдык- экономикалык билим берүү: изденүү, тажрыйба жана натыйжа" деген аталышта "Социалдык-экономикалык билим берүүнү окутуунун усулу" дисциплинасы боюнча студенттердин семестр бою алган теориялык билимдерин практикада кандай деңгээлде колдоно аларын текшерүү жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө баа берүү максатында жыйынтыктоочу практикалык иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер жөн гана маалымат албастан, аны келечекте окуучуларга же студенттерге кантип жеткирүү керек экендигин, инновациялык усулдар, салттуу лекциялардан сырткары, кейс-стади, оюн технологияларында жаңы платформалар, долбоорлоо усулу жана интерактивдүү доскалар менен иштөө көндүмдөрү, сабактын планын түзүүдөгү жаңыча мамиле, окуу материалдарын визуалдаштыруу жана окуучулардын кызыгуусун арттыруучу методдорду иштеп чыгуу боюнча өздөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтө алышты. Жыйынтыгында бул дисциплина аркылуу студенттер мугалимдик кесиптин татаалдыгын гана эмес, анын коомду өзгөртүүдөгү күчүн сезип, ар бир катышуучу өзүнүн методикалык "портфолиосун" байыта алды."