2026-02-26 05:38:38 132
26-январь 2026-жыл. Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика институтунун тарых бөлүмүнүн магистратура бөлүмүндөгү "Археология жана социалдык антропология" жаатында биргеликте иш алып баруу жана кызматташтыкты бекемдөө боюнча, Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин профессордук окутуучулук жамааты келишти. Келген конокторго институттун базасында аткарылып жаткан археологиялык долбоорлор жана табылгалар менен тааныштырылды. Мындан ары биргеликте археология жана социалдык антропология тармагында тыгыз иш алып баруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.