2026-02-26 07:43:26 140
7.01.2026. Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика институтунун "Археология жана социалдык антропология" программасы тарабынан «ОШ ШААРЫНЫН ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНУНУН АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕРИН КОРГОО ЖАНА САКТОО:КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА КЕЛЕЧЕК МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ» деген аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов, Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин директору Медербек Апарханов жана Кара-Суу районунун маданият бөлүмүнүн башчысы Керимбек Акматовдор келип катышышты. Т .и.к., доцент Салтанат Алишер кызы тарабынан Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун археологиялык эстеликтеринин азыркы күндөгү абалы боюнча доклад жасалды. Кызыктуу суроо-жооптордон соң археологиялык эстеликтерди биргеликте сактап калуу жана түшүндүрүү иш чаралары боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.