2026-02-26 07:51:05 134
Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика институтунун "Археология жана социалдык антропология" программасы жана Айгине Маданий-изилдөө борбору менен биргеликте Азиянын таштарда чегилген сүрөттөрүнө арналган аймактык онлайн-платформасынын ачылуу аземи болуп өттү. Платформа Борбордук Азиянын беш өлкөсүндөгү — Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы — 91 чийимташ комплексине тиешелүү материалдарды бириктирет. Сайтта археологиялык маалыматтар менен катар бай маданий контекст да сунушталат: байыркы таштарда чегилген сүрөттөрдө ата-бабаларыбыздын дүйнөтаанымы, жамааттык эс-тутуму жана салттары менен болгон тыгыз байланышын ачып берет. Долбоор ошондой эле чийимташтардан шыктанган заманбап искусство жана чыгармачыл практикалар сыяктуу чектеш багыттарды да камтыйт.