Кесипке багыттоо иштери

2026-02-26 08:02:29 131

2026-жылдын 6-февралында тарых-юридика институтунун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын башчысы, доцент Жумашова Г.С., Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын башчысы, доцент Шаанов Т.М., окутуучулар Атаканова Г.А., Жапарова А.К., Эрмекбай уулу У. Өзгөн шаарындагы №8 Курманжан датка жана Өзгөн районундагы №60 Туташбай Төлөнов атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчү класстарын кесипке багыттоо боюнча кеп кеңештерин берип келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар эмгек рыногундагы актуалдуу кесиптер, жогорку окуу жайларга тапшыруунун өзгөчөлүктөрү жана келечектеги карьералык өсүү тууралуу маалымат алышты. Мектеп администрациялары жана мугалимдер жамааты тарабынан түзүлгөн шарттарды жана окуучулардын активдүүлүгү өзгөчө белгиленди. Мындай иш-чаралар окуучулардын туура багыт алышына жана кесип тандоодогу катачылыктардын алдын алууга чоң өбөлгө түзөт. Сапаттуу билим жана туура багыт — ийгиликтин негизги фактору.