"Тереңдетилген дүйнөнүн тарыхы жана тарыхты окутуунун заманбап усулдары"

2026-02-26 08:05:53 142

2026-жылдын 19-январынан тарта коңшу Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинин окутуучулары үчүн 144 саатка ылайыкташтырылган "Тереңдетилген дүйнөнүн тарыхы жана тарыхты окутуунун заманбап усулдары"- деген темада кесиптик чеберчилигин арттыруу максатында курс башталды. Бул окутуу программасы эки университеттин ортосундагы достук мамилени бекемдеп, окутуунун заманбап усулдарын жана инновациялык технологияларын биргеликте өздөштүрүүгө чоң өбөлгө түзөт. Курста дүйнөлүк тарыхтын талаштуу маселелери, жаңы табылган тарыхый булактар жана глобалдык процесстердин заманбап чечмелениши каралат. Ошону менен бирге, окуу процессине санариптик технологияларды, сын көз караш менен ой жүгүртүү стратегияларын жана интерактивдүү методдорду киргизүүгө өзгөчө басым жасалат. Курстун тренерлери. Жумашова Г.С. – т.и.к., жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти; Кадыров Т.Д.- т.и.к., жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын профессору; Маразыков Н.К. т.и.к., жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти; Алишер кызы С. т.и.к., Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын доценти.