«Борбор Азиянын эң мыкты студенти»

2026-03-30 11:41:01 8

30.03.2026. ОшМУнун тарых-юридика институтунун тарых бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Уразалиева Өмүркан Сунаталиевна Эл аралык «Борбор Азиянын эң мыкты студенти» сынагында жеңүүчү деп табылып, атайын төш белги, статуэтка жана I даражадагы диплом менен сыйланды . Илим-билимге кызыгуу жана жаштардын мотивациясын арттырууга багытталган Казакстан Республикасындагы “Инновациялык Билим Берүү” борбору жана «Жаңа Қазақстан» республикалык инновациялык борбору менен биргеликте уюштурулган сынакта Уразалиева Өмүркандын Борбордук Азиянын жаштар саясатынын өнүгүүсүнө кошкон салымы, коомдук-маданий иштерге активдүү катышуусу, билимге умтулуусу, аракетчилдиги жана максатка жетүүдөгү жигердүүлүгү жогору бааланды.Өмүркандын келечектеги иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.