ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМЫ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕР

ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМЫ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕР

Окуу усулдук иш алып баруу кафедранын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири. Бул багытта жүргүзүлгөн иштер: кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан түзүлгөн лекциялык фонд, ар бир предмет боюнча түзүлгөн жумушчу программалар, модулдук, экзамендик тесттерди түзүү, экзамендик билеттерди жана МАКтын суроолорун иштеп чыгуу, окутуучулардын өз ара сабакка катышуусун, студенттердин өз алдынча иштөөсүн уюштуруу, студенттерге жекече жана тайпалык консультацияларды уюштуруу, көрсөтмө куралдарды (окуу картасы, схема, таблица) даярдоо жана окуу-усулдук колдонмолорду, шилтемелерди, көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана аларды окуу процессинде пайдалануу. Кафедранын иш кагаздары жана окуу-усулдук иштер боюнча жооптуу окутуучу атаканова Г.А. тарабынан окуу жылына карата планын түзүп, түзүлгөн пландын негизинде иш алып барат.