КООМДУК-ТАРБИЯЛЫК ИШИ

Коомго керетүү, ар тараптуу өнүккөн, туруктуу атуулдук позициясы бар, мекенин сыйлаган, анын келечегине кайдыгер карабаган, патриот, ден соолугу чын, руханий дүйнөсү бай, жогорку билимдуү адистерди даярдоо кафедранын негизги милдеттеринен болуп саналат. Университеттин, факультеттин бул багытта иш жүргүзгөн структуралары менен биргеликте кафедранын курамы, кураторлор пландуу иш алып барышат. Жыл сайын окуу жылынын башында кафедранын коомдук-тарбиялык иш планы иштелип чыгып, кафедранын ишмердүүлүгүндө жетекчиликке алынуучу негизги иш кагазы болуп эсептелет. Ошондой эле кафедра мүчөлөрү шаарыбызда, республикабызда болуп жаткан ар кандай коомдук иш чараларга, акцияларга активдүү катышып келе жатышат.