ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМЫ


Шаанов Талант Мурадиллаевич, т.и. к., доцент – “Кыргызстан тарыхы, археология жана этнология” кафедрасынын башчысы, 1982-жылы 24-январда Ош шаарында туулган. 2004-жылы ОшМУнун тарых факультетин аяктаган. Ошол эле жылдан баштап тарых факультетинде эмгектене баштаган. “Эгемендүү Кыргызстандын маданияты: келечеги жана өзгөчөлүктөрү” деген темада кандидаттык диссертацясын ийгиликтүү коргогон. Үй бүлөлүү, 2 уулдун атасы.

Смадияров Сыдык Акунович, т.и.к., доцент – 1987-жылы Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Ошондон бери ОшМУнун тарых факультетинде эмгектенет. 1994-жылы Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасынын автономия жылдарындагы мамлекеттик аппаратынын калыптанышы жана өнүгүшү (1924-1936-жж.)” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2011-жылы жаш муундарга татыктуу билим жана тарбия берүүдөгү талыкпаган эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” наамы ыйгарылган. 100 дөн ашык илимий макалардын, анын ичинде 3 монографиянын, ошондой эле бир нече китепчелердин автору. Үй бүлөлүү.

Ташмаматов Омурбек Аматбекович, т.и.к., доцент, 1983-жылы 14- августта Кыргыз Республикасынын Ош областынын, Өзгөн районунун Кызыл- Сеңир айылында туулган. 2000-жылы ОшМУнун тарых факультетине кирип, аны 2005-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы тарых факультетинин «Кыргызстан тарыхы» кафедрасына окутуучулук кызматына кабыл алынган. 2009-жылы Бишкек шаарында “История города Узген в источниках (эпоха средних веков, нового и новейшего времени)” деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.30 дөн ашык илимий макалардын, анын ичинде 2 монографиянын автору. 2014- жылдан азыркы күнгө чейин кафедраны жетектеп келе жатат . Үй-бүлөлүү. 1 уул жана 1 кыздын атасы.

Султанова Махпурат Шакировна, т.и.к, доцент - 1964-жылы 16-сентябрда Өзбек Республикасынын Анжиан областынын Коргон-Төбө районуна караштуу Хан-абад шаарында туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган. Тарых факультетинде эмгек жолун 1988-жылы сырттан окуу бөлүмүнүн методисти болуп эмгектенүү менен баштаган. 1996-1998-жылдары ОшМУнун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүн бүтүргөн. 2007-жылы Бишкек шаарында “XIX кылымдын II жарымы XX кылымдын башындагы Түштүк Кыргызстандагы билим берүүнүн абалы” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2008-2015-жылдары “Археология, этнология жана Борбордук Азиянын тарыхы” кафедрасынын башчысы, 2015-жылдын октябрь айынан тарых факультетинин “Кыргызстандын тарыхы жана археология, этнология” кафедрасынын доценти болуп эмгектенүүдө. Бир кыздын энеси.

Арстанов Сабыркул Абдиманапович, т. и. к., доцент - 1983-жылдын 24-апрелинде Жалал-Абад областына караштуу Аксы районунун Ак-Дөбө айылында туулган. 2004-жылдын сентябрында ОшМУнун тарых факультетинин “Кыргызстан тарыхы” кафедрасына окутуучулук кызматтан баштаган. 2009-жылы ОшМУнун Жаштар комитетинин төрагасы болуп иштеген. 2014-жылы Бишкекте КР УИАда “1924-36-жж. Кыргызстандын агрардык саясаты: маңызы жана жыйынтыктары” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Үй-бүлөлүү. 2 уулдун атасы.

Осмонова Самара Курбаналиевна, т.и. к., доцент - 1982-жылдын 8-январында Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районунун Абдраимова айылында туулган. 2004-жылдын февралында ОшМУнун тарых факультетинин “Археология жана этнология” кафедрасына референт катчы кызматынан баштаган. 2008-жылы ОшМУнун тарых-юридика факультетинин декандын контракт иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 2014-жылы Бишкек шаарында «Традиционные свадебные обряды кыргызов юго-запада Ферганской долины (конец XΙX – начало XX вв.)» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Үй-бүлөлүү. 1 кыздын энеси.

Ураимов Үрүстөм Нурматович, улук окутуучу - 1956 –жылы 11 январьда Ош областынын Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында туулган. 1978 -жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2004 жыдан баштап ушул кафедрада эмгектенет. “XIX-кылымдын экинчи жарымындагы Кыргызстанда социалдык – экономикалык мамилелердин эволюлицялары” деген теманын үстүндө илимий изилдөө иштерин жүргүзөт. Үй бүлөлүү, 3уул 1 кыздын атасы.

Алтымышова Венера Карыбековна, улук окутуучу - 1976-жылдын 4-февралында Ош областынын Алай районундагы Корул айылында туулган. Ош Мамлекеттик Университетине 1993-жылы тапшырып, 1998- жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Кесиби Тарых жана коомдук илимдердин окутуучусу. Тарых факультетинде 2004- жылдан бери эмгектенет. Учурда “Синцзян (КЭР) кыргыздарынын азыркы учурдагы материалдык маданияты” деп аталган темада илимий изилдөөлөрүн жүргүзүп келет. Үй бүлөлүү. 1 кыз 3 уулдун энеси.

Тилекова Уулкан Кушбаковна, окутуучу – 1982-жылы 16-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында туулган. 2004-жылы ОшМУнун тарых факультетин Артыкчылык диплому менен аяктаган. Ошол эле жылы тарых факультетинде эмгек жолун баштаган. Учурда “XIX кылымдын аягы – ХХ кылымдын башындагы кыргыз элинин салттуу этикети” деп аталган илимий теманын үстүндө изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Үй бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын энеси.

Усманов Тавакал Мансурович, окутуучу – 1971-жылы 10-сентябрда Ош шаарында туулган. 1993-жылы Фергана мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. ОшМУнун тарых факультетинде 2002-жылдан бери эмгектенет. Үй бүлөлүү, 4 уулдун атасы.

Рыскулов Канат Кадыркулович, окутуучу – 1980-жылы 23-февралда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 1-Май айылында туулган. 2002-жылы ОшМУнун тарых факультетин, 2014-жылы юридика факультетин аяктаган. 2004-жылдан баштап тарых факультетинде иштейт. Үй бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы. Илимий темасы: “Эгемендүү Кыргызстандын саясий онүгүүсү (1991-2010-жж.)”.

Атаканова Гулмира Асилбековна, окутуучу – 1980-жылы 28-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында туулган. 2003-жылы ОшМУнун тарых факультетин аяктаган. ОшМУдагы эмгек стажы 7 жылды түзөт. Үй бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын энеси.