2-март, 2019-жыл. Тарых факультетинин магистратура бөлүмүндө семинар өткөрүлдү.

2019-03-04 16:28:35 1903

2-март, 2019-жыл. Тарых факультетинин магистратура бөлүмүндө “Мектептердеги магистрлердин жана магистранттардын абалы жана көйгөйү” деген темада семинар жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чараны магистрдик программанын жетекчиси жана магистратура бөлүмүнө жооптуу, т.и.к., доцент Жумашова Г.С. уюштуруп, ага ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т. чакыртылды жана тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент Смадияров С.А., Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор Кадыров Т.Д., Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Ташмаматов О.А., декандын илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары, т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э., декандын окуу иштери боюнча орун басары, т.и.к., доцент Осмонова С.., колледж программасынын жетекчиси, т.и.к., доцент Апышова А.К. катышышты. Ошондой эле т.и.к., доцент Жумашова Г.С. “Мектептердеги жаңы мамлекеттик стандарт менен СЭББ багытынын мамлекеттик стандартындагы дал келүүлүктөр жана айырмачылыктар”, ОшМУнун “Ыйман” лицейинин тарых мугалими, магистр Таалайбек кызы Абида “Магистранттарга түзүлгөн шарттар жана магистрлердин ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктар”, Кара-Суу районунун №41 Т.Бердибеков атындагы орто мектебинин тарых мугалими, магистрант Асилбек кызы Аида “СЭББ багытынын магистрдик билим алуунун артыкчылыктары” деген темаларда баяндамаларды жасашты жана кызуу талкуулар менен коштолду.