29-март, 2019-жыл. Тарых факультетинде практикалардын жыйынтык конференциясы өттү.

2019-03-30 14:16:03 1640

29-март, 2019-жыл. Тарых факультетинде практикалардын жыйынтык конференциясы өттү. Аны тарых факультетинин практикалар боюнча жооптуусу улук окутуучу Эрмекбаев К.М. уюштуруп, 3-курстун профилдик-базалык жана 4-курстун кесиптик-профилдик практикасы жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу конференцияда практика өтөгөн студенттер шаардагы мектептер: ОшМУнун “Билим” лицейи, У.Салиева атындагы кыздар мектеп-интернаты, А.Навои атындагы мектеп-гимназия, Кара-Суу районуна караштуу Ю.Гагарин атындагы орто мектеп, №52 кыргыз-түрк мектеп-гимназиясы, №27 мектеп-гимназиясы ж.б. боюнча презентацияларын жасашты жана андагы ийгиликтер, бир топ көйгөйлүү маселелер айтылды.