26-апрель, 2019-жыл. Тарых факультетинде Илим жумалыгынын алкагында т.и.д., профессор Асанканов А.А. конок-лекция окуду.

2019-04-29 16:21:00 1661

26-апрель, 2019-жыл. Тарых факультетинде Илим жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, Тарых институтунун директору, т.и.д., профессор Асанканов А.А. “Археология, этнология жана антропология илимдеринин учурдагы маселелери” аттуу темада конок-лекция окуду. Андан соң, Илим жумалыгынын жабылуу аземи болуп, жыйынтыгында илим жумалыгына активдүү катышкандарды, окуунун мыктыларын, мыкты илим изилдөөчүлөрдү, аспиранттарды, магистранттарды, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өттү.