19-октябрь, 2019-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин окумуштуулары илимий-практикалык конференцияга катышышты.

2019-10-21 13:51:37 1375

19-октябрь, 2019-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин окумуштуулары илимий-практикалык конференцияга катышышты. Бишкек шаарындагы “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясында КРнын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун, КРУИАнын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин колдоосу менен уюштурулган КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, т.и.д., профессор Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдык мааракесине, 50 жылдык уюштуруучулук-педагогикалык, илимий жана коомдук ишмердигине арналган “Манастаануунун, кыргызтаануунун жана ата-мекен тарыхынын актуалдуу маселелери” аттуу илимий-практикалык конференцияга Чыгыш таануу жана тарых факультетинин профессору, т.и.к. Кадыров Т.Д., т.и.к., доцент Арстанов С.А., т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э. катышып, баяндама жасашты. Конференцияга Кытайдан, Өзбекстандан окумуштуулар катышышты жана жогорку деңгээлде, жемиштүү өттү.