21-октябрь, 2019-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде Исхак Асан уулу Полот хандын 175 жылдыгына карата “Исхак Асан уулу Полот хандын кыргыз тарыхындагы орду жана ролу” аттуу илимий конференция өттү.

2019-10-21 15:48:42 1407

21-октябрь, 2019-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде Исхак Асан уулу Полот хандын 175 жылдыгына карата “Исхак Асан уулу Полот хандын кыргыз тарыхындагы орду жана ролу” аттуу илимий конференция өттү. ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинде 2019-жылдын 21-октябрында саат 10.00 дө Исхак Асан уулу Полот хандын 175 жылдыгына карата “Исхак Асан уулу Полот хандын кыргыз тарыхындагы орду жана ролу” аттуу илимий конференция өттү. Конференцияда чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканынын м.а., т.и.к., доцент Ж.С.Бөтөнөев ачып, "Бостон-Ордо" коомдук бирикмесинин төрагасы Пазылов К.А., “Бостон-Ордо” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Алибаев А., Охна айылдык кеңешинин төрагасы, урпагы Назарбаев А., “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасынын профессору, т.и.к. Адилбаев Ж.А., “Чыгыш таануу” кафедрасынын башчысынын м.а., т.и.к., доцент Сатыбалдиева Ч.Т. куттук сөздөрүн айтышты жана билдирүүлөрү менен чыгышты. Конференцияга Исхак Асан уулу Полот хандын урпактары чакырылды жана “Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу” кафедрасынын доценти, т.и.к. Жумашова Г.С. – “Исхак Асан уулу кыргыз агартуучуларынын бири катарында” жана “Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология” кафедрасынын окутуучусу Солтоев З.А. – “Кокон хандыгындагы Полот хандын орду жана ролу” деп аталган маанилүү жана маңыздуу илимий баяндамаларын жасашты.