ОшМУнун стилдүү студенттери Тарых факультетинде окушат.

2014-11-18 14:07:11 3252

16-ноябрь күнү Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата университетибизде "Стилдүү студент-2014" сынагы өткөрүлдү. Сынакка катышкан 17 факультеттин улан-кыздарынын арасынан Тарых факультетинин намысын коргошкон 4-курстун студенти Төлөк уулу Уран менен 3-курстун студенти Каратаева Акинайлар суурулуп чыгышып, байгелүү 3-орунду ээлешти. Өзүнүн сулуулугу, кийинүүдөгү мыкты табити менен айырмаланган Каратаева Акинайга калыстар тобу "Кар ханышасы" номинациясын ыйгарышты. Студенттерибизди бул ийгилиги менен кызуу куттуктайбыз.