Жоготуу....

2014-11-18 14:19:26 3671

11-ноябрь күнү "Жалпы тарых" кафедрасынын ага окутуучусу, факультеттин профбюросунун төрагасы Бекназаров Чолпонбай агай мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Чолпонбай агай убагында ООганстандагы согушка катышып, мекенин коргоп келген. Кшп жылдардан бери тарых факультетинде татыктуу эмгектенип келе жаткан болчу. Эмгеги үчүн бир катар орден, медальдар, ардак баракчалар менен сыйланган. Шум ажал мыкты агайыбызды 47 жаш күлгүн курагында арабыздан алып кетти. Чолпонбай агай кесиптештеринин жана студенттеринин эсинде түбөлүк сакталат. Агайыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.