12-ноябрь, 2019-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин демилгеси менен түштүк аймагындагы жождор арасында интеллектуалдык таймаш өттү.

2019-11-13 20:44:15 1243

12-ноябрь, 2019-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультети жана "Бара Кух" коомдук бирикмесинин демилгеси менен Кыргызстандын түштүк аймагындагы жождор арасында студенттердин "Достук кубогу - 2019" интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү. Жалпы 22 команда катышып, ОшМУнун атынан 3 команда жигердүү оюн көрсөттү. Жыйынтыгында, чыгыш таануу жана тарых факультетинин 3-курсунан куралган "Эсперанто" командасы ийгиликке жетип, I орунду ээледи. Ошондой эле, II орунга ЖАМУнун "Элегант" командасы, III орунду ОшМУнун "Теомикс" командасы ээледи. "Мыкты оюнчу" номинациясына Полотбек кызы Канайым ээ болду. Бардык командалар жана оюнчулар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.