20-ноябрь, 2019-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин тарыхчы-окумуштуулары Чехияда конок-лекцияларды окушууда.

2019-11-20 14:09:58 1271

20-ноябрь, 2019-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин тарыхчы-окумуштуулары Чехиянын Пльзен шаарындагы Батыш-Чех университетинде конок-лекцияларды окушту. Тактап айтканда, т.и.к., доцент Смадияров С.А., т.и.к., доцент Осмонова С.К., улук окутуучу Ураимов Р., окутуучу Рыскулов К. бул университетте илимий иш сапарында жүрүштү. 20-ноябрда т.и.к., доцент Осмонова С. "Этнография Кыргызстана и культура кочевников" деген темада конок-лекция окуду. 21-ноябрда т.и.к., доцент Смадияров С.А. "Этнополитическая история Центральной Азии (Средней Азии) и Кыргызстана в домонгольской времени" аттуу темада конок-лекция окуду.