Кара-Кыргыз Автономиялуу областына 90 жыл

2014-11-30 11:55:11 3943

28-ноябрь күнү саат: 11-00дө Тарых факультетинин чоң актылык залында "Кара-Кыргыз Автономиялуу областы – Эгемен Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнүн негизи" деген темада Тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун ачылышында декан С.А.Смадияров сөз сүйлөдү. Андан кийин “Кыргызстан 1930-жж.” аттуу кино көрсөтүлдү. Андан кийин 1920-30-жж. Кыргызстандагы саясий ишмерлердин өмүр жолун чагылдырган слайд шоу коюлду. Тегерек столдун жүрүшүндө факультеттин окутуучулары тарабынан төмөндөгүчө баяндамалар жасалды: 1. Кадыров Т.Д. т.и.к., профессор “Кара-Кыргыз АОсунун түзүлүшүнүн өбөлгөлөрү”. 2. Адильбаев Ж.А. т.и.к., профессор “Кара-Кыргыз АОсунун чегара маселелеринин чечилиши”. 3. Смадияров С.А. т.и.к., доцент “Автономия мезгилинде Кыргызстандагы кадр маселелеринин чечилиши жана мамлекеттик аппараттын калыптанышы”. 4. Ураимов Р.Н. улук окутуучу “Автономия мезгилинде Кыргызстандын административдик-аймактык бөлүштүрүүнүн принциптери ”. Баяндамалардан кийин студенттер тарабынан суроолор берилип кызуу талкуу жүрдү.