11-январь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистратура бөлүмүндө тегерек стол болуп өттү.

2020-01-23 13:23:52 1041

11-январь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистратура бөлүмүндө магистранттар жана магистрлер үчүн “Мектептерде тарых, жаран таануу предметтерин окутуудагы негизги маселелер” аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо факультеттин деканынын м.а., т.и.к., доцент Арстанов С.А., “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор Кадыров Т.Д., магистратура программасынын жетекчиси, т.и.к., доцент Жумашова Г.С. ж.б. чыгып сүйлөштү. Анда Ош шаарындагы №18 Алишер Навои атындагы мектеп-гимназиясынын тарых мугалими Бабаназар уулу Исабек “Жаран таануу предметин окутуудагы мектептердеги көйгөйлөр” жана Ош шаарындагы Жетиген орто мектебинин тарых мугалими Мурзаев Сүйүналы “Жаңы стандарттын үлгүсүндөгү интерактивдүү сабактын беш этабы” деген темадагы баяндамаларын жасашты. Тегерек стол суроо-жооптор менен коштолуп, бир топ ой пикирлер айтылды жана фото-сессия менен аяктады.