16-январь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин “Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү” адистигинде (колледж) тегерек стол болуп өттү.

2020-01-23 13:32:15 1049

16-январь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин “Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү” адистигинде (колледж) иш берүүчүлөр менен биргеликте “Учурдагы архив кызматкерлерин даярдоодогу көйгөйлөр” аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго иш берүүчүлөр катары: Ош облустук мамлекеттик архивинин кызматкерлери жана бөлүм башчылары Алимбаев Нургазы жана Курманбаева Самара, ОшМУнун архивинин жетекчиси Бегимкулова Светлана, Түштүк аймактар аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин бөлүм башчысы Жолдошев Эсеналы катышышты. Ош облустук мамлекеттик архивинин кызматкери жана бөлүм башчысы Алимбаев Н. “Архив кызматкерлерин даярдоодогу көйгөйлөр” деген темада баяндама жасады. Анда орто кесиптик НББПдагы ЖОЖдук компонент бөлүгүндөгү предметтер талкууланды жана бир нече сунуштар айтылды. Иш берүүчүлөрдөн анкеталар алынды жана фото-сессия менен жыйынтыкталды.