18-январь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде ОГПИнин ректору, п.и.д., профессор Зулуев Б.Б. конок лекция өттү.

2020-01-23 17:08:27 1127

18-январь, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде ОГПИнин ректору, п.и.д., профессор Зулуев Б.Б. конок лекция өттү. ОшМУнун Чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканынын м.а., доцент С.А. Арстановдун жетектөөсү жана магистратура программасынын жетекчиси, доцент Г.С. Жумашованын уюштуруусу менен факультеттин профессордук-окутуучулук курамына, магистрлерге жана магистранттарга ОГПИнин ректору, п.и.д., профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович "Тарыхты окутуунун заманбап усулдары" деген темада конок лекция өттү. Лекциянын жүрүшүндө Бекмурза Бекболотович бир катар маанилүү, жаны усулдар менен бөлүшүп, аудиториянын кызыгуусун арттырды. Лекциянын соңунда магистрлер жана магистранттар окутуунун усулундагы бир катар кемчиликтер жана жетишкендиктер, актуалдуу көйгөйлөрдү айтышып, талкуу кызыктуу жүрдү. Биз менен билимин бөлүшүп, жаштарга туура багыт, жаңы дем бергени үчүн Бекмурза агайга факультеттин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздей жөнөкөй, эл менен катар баскан жетекчилерибиз көп болсун.