Тарыхчылар СПИДге каршы

2014-12-04 12:00:42 5584

2014-жылдын 1-декабрында Тарых факультетинде деканаттын жана Жаштар комитетинин демилгеси менен Эл аралык СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Оштогу СПИД борборунан дарыгерлер келишип, студенттерге ВИЧ, СПИД оорулары тууралуу маалыматтарды беришти. Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер тарабынан дарыгерлерге суроолор берилип, жооптор алынды.