7-март, 2020-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде КР ИАнын мүчө-корреспонденти, т.и.д., профессор А.Асанканов конок-лекция окуду.

2020-03-07 13:06:17 1137

6-мартта Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун директору, КУ ИА мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору, профессор А.А.Асанканов чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенттери үчүн “Археология, антропология жана этнология илимдеринин маселелери" деген темада конок-лекция өттү. Лекцияга бакалавр жана колледж билим берүү программаларында окуган студенттер активдүү катышышып, лекция үчүн ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле, 7-мартта магистранттар, Ош шаарындагы мектептердеги тарыхчы-мугалимдер, Ош шаарындагы ЖОЖ дордун окутуучулары менен биргеликте “Тарых илими: жаңылыктар, өзгөрүүлөр, окутууда маселелер” аттуу тегерек стол уюштурулду. Тегерек столдо тарых илиминдеги жаңылыктар,окутуудагы маселелер боюнча кызыктуу талкуу болду.