Тарых факультетинде поэзия кечеси

2014-12-12 16:03:18 4039

Бүгүн тарых факультетинин чоң актылык залында 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына карата поэзия кечеси өткөрүлдү. Кечеге жаш адабиятчы Т.Колдошов конок катары чакырылды. Кечени декан С.Смадияров ачып, студенттерге ыр окуп берди. Андан кийин таланттуу окутуучулар жана студенттер ырларды окушту. Түмөнбай Колдошов да ыр окуп, өзүнүн мыкты чыгармаларын аткарып берди. Поэзия кечеси баарыбызга позитивдүү маанай таркатты.