Тарых факультетинде "Брейн-Ринг"

2015-02-24 10:25:16 3724

19-февраль күнү Тарых факультетинин чоң актылык залында Жаштар комитетинин демилгеси менен 1941-45-жж. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгына карата Брейн-Ринг таймашы болуп өттү. Ага 1-2-3-4-курстардын студенттеринен куралган 6 команда катышып, ИБ2-12 тайпасынын "Жеңиш" командасы 7,5 бал менен 1-орунду багынтышты. Таймаштын жүрүшүн тарых факультетинин деканы т.и.к., доцент С.А.Смадияров ачып, сөз сүйлөдү жана калыстар тобунда мүчө катары иштеди.